|
|
p
26-февраль, 2017-жылы Өмүрбек Текебаев Стамбул-Бишкек каттамы менен келип, учактан түшөрү менен кармалган
Өмүрбек Текебаевди УКМКнын кызматкерлери учактан түшөрү менен кармап кетишкен. Ал Венада ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышып келе жаткан. Кармоо учурун чагылдырып жаткан журналисттерди, депутат Каныбек Иманалиевди жана башка 11 адамды Сокулук РИИБинин кызматкерлери кармап кеткен. Ошол күнү Базар-Коргон районунда, Ош шаарында жана Бишкекте УКМКнын алдында Текебаевди колдогон митинг өткөн. Текебаев 48 саатка камакка алынган.
25-февралда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 303 (коррупция) жана 166 (алдамчылык) боюнча кылмыш ишин козгогон.
(9 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |