p

28-июнь, 1971-жылы Ойлоп табуучу Илон Маск туулган

Дүйнө
Ойлоп табуучу Илон Маск Түштүк Африкадагы Преторияда Республикасы туулган. Келечектеги гений кичинекей кезинде мектепке өзүн кыйнап барчу. Анткени анын ата-энеси бир жерден экинчи жерге көчө беришкен. 12 жашында өзү теңдүү балдар эч нерсе менен капары жок жүргөн кезде Маск компьютер оюндарын ойлоп тапкан. Ал долбоорун 500 долларга баалаган. Өспүрүм сатыктан түшкөн акчаны фармацевттик компаниянын акциясына короткон. Бул анын келечекте Канададагы окуусуна инвестиция болгон. Кийинчерээк Пенсильваниядагы жогорку окуу жайларынын бирине өткөн. Келечектеги ойлоп табуучу 23 жашында "Zip 2" (маалыматтарды камсыздоо программалары менен иштечү) аталышындагы 308 миллион долларга бааланган компанияны негиздеген. Дональд Трамп АКШнын президенти болуп шайланганда Маск аны "бул орунга татыксыз" деп эсептеген. Бирок учурда ал президенттин кеңешчиси (2017). Ал 2 жолу үйлөнүп, 2 жолу ажырашкан. Биринчи жубайынан 5 уулу бар.   (54 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: