|
p
13-июль, 1930-жылы 87 жыл мурун футбол боюнча алгачкы Дүйнө чемпиондугу өткөн![]()
Уругвайдын Монтевидео шаарында 1930-жылы, 13-июлда футбол боюнча алгачкы Дүйнө чемпиондугу орун алган. Ага Түштүк Америкадан 7 өлкө, Европа аймагынан 4 өлкө, Түндүк Америкадан 2 өлкө катышышкан. Дүйнө чемпиондугунун алгачкы эки беттеши бир убакытта башталган, анда Франция 4:1 эсеби менен Мексиканы жеңсе, АКШ 3:0 эсеп менен Бельгия курамасын жеңген.
Дүйнө чемпиондугунун тарыхындагы алгачкы голду франциялык Люсьен Лоран киргизген. Жарым финалга 13 курама командадан 4 курама өткөн, алар Аргентина, Уругвай, АКШ жана Югославия болгон. Финалдык бөлүктө Аргентина менен Уругвай кездешкен. Анда Уругвай курамасы 1-таймда жеңилип баратып, 2-таймда эсепти 4:2ге айлантып, жеңишке жеткен. Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
|