p

16-август, 1976-жылы Режиссер Эльдар Рязановдун "Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен!" фильми чоң экранга чыккан

Дүйнө
Жаңы жылдын «визиттик карточкасы» болгон "Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен!" фильми чоң экранга чыккан. Режиссер Эльдар Рязнов тасманы 1975-жылы тарткан. Бир жылдан соң 1-январда телевидениеде көрсөтүлөт. Көрүүчүлөрдүн суранычы боюнча кинотеатрларда кайталанып коюлган. Үч жылда 250 миллион адам көргөнү айтылат. 1977-жылы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгын алган. Тасмада бири-бирине куп жарашкан Евгений менен Надежданын жаңы жыл алдында туш болгон окуясы чагылдырылат. Евгений жаңы жыл майрамынын алдында достору менен мончого барып, спирт ичимдигин көп ичип алат. Ал жактан чыгып үйгө келген бойдон уктап калат. Аны бейтааныш кыз келип ойготот. Кийин Евгений адашып башка шаардагы кыздын үйүнө келип калганы белгилүү болот. Кызыгы Евгений менен Надежданын жашаган көчөлөрү, үйү жадакалса ачкычтары окшош болуп чыгат. Евгенийди башка шаарда сүйүктүүсү күтүп жаткан. Надежданын да Ипполит аттуу сүйүктүүсү бар. Бир түндө болгон окуя каармандардын жашоосун өзгөртөт. "Тагдырдын тамашасы. Уландысы" тасмасы 2007-жылы тартылып анда каармандардын 30 жылдан кийинки жолугушуусу болот. Уландысы да жаңы жыл алдында элге тартууланып, 2008-жылы эң көп көрүүчү топтогон тасма болгон. Аны режиссер Тимур Бекмамов тарткан.   (49 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: