p

16-август, 1973-жылы Орусиялык актриса жана алып баруучу Юлия Высоцкая туулган

Дүйнө
Орусиялык актриса жана алып баруучу Юлия Высоцкая туулган. Мектепти аяктагандан кийин Беларусь мамлекеттик академиясына тапшырат. Тасмада биринчи ролун студенттик кезде аткарган. Высоцкая психологиялык драмада "Барып кайра келбөө" фильмине тартылган. Окуп жүргөндө эле телеканалдарда иштеп жүргөн.

Өзүнүн аракетчилдиги менен англис тилин үйрөнүп баштайт. Бул Лондондогу музыка жана драма академиясына окуу үчүн аракети эле. Тил билүү деңгээли жогорулап Уильям Шекспирдин чыгармасын оригиналын өзү окуп, академияга тапшыра алган. Окуу жайды 1998-жылы бүтүргөн. "Акылсыздар үйү", "Кыштагы арстан", "Ханышанын биринчи эрежеси" өңдүү тасмаларга тартылган. 2016-жылы Андрей Кончаловский тарткан "Бейиш" аттуу тарыхый тасмада актриса еврей балдарды куткарган каармандын ролун жараткан. 2003-жылдан тартып орусиялык телеканалда "Үйдө тамактанабыз", "Юлия Высоцкая менен бирге тамактануу" көрсөтүүлөрүн алып барып келген. Юлия Высоцкаянын ашкана сырлары жөнүндө жазылган китептери миллиондогон экземплярда сатылган. 2011-жылы "Ёрник" ресторанын ачкан. Андан соң тамак жасоону үйрөтүүчү "Julia Vysotskaya" студиясын негиздеген.

Высоцкая Беларуста окуп жүргөндө окуусун аяктоо, ишке орношуу үчүн жарандык алышы керек эле. Бул максатта атайын сүйлөшүп, ошол эле окуу жайдын студентине турмушка чыккан. Окууну аяктагандан кийин экөө достук мамиледе калган. Юлия Высоцкая башка кесиптештеринен айырмаланып жеке жашоосу тууралуу көп айта бербейт. Актриса жолдошу режиссер Андрей Кончаловский менен 1996-жылы "Кинотавр" кинофестивалында таанышышкан. Жаш курагынын айырмачылыгы 35 жыл болгонуна карабай экөөнүн мамилеси сүйүүгө айланып 1999-жылы кыздуу болушкан. Режиссерго турмушка чыккандан кийин актриса Михалковдор кланына кирет. Ал жаңы үй-бүлөсү жакшы кабыл алганын, жолдошунун мурунку никедеги баласы менен тил табыша алганын белгилеген. Жубайлар 2003-жылы Пётр атуу уулдуу болушкан. 2013-жылы Францияда Андрей Кончаловский жол кырсыгына кабылган. Унаада отурган кызы Маша баш мээсинен катуу жаракат алып комага түшүп калган. 2016-жылдын соңунда актриса кызынын абалы жакшырып жатканын кабарлаган.

  (52 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: