p

1-март, 1959-жылы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин мурдагы башчысы Султан Жумагулов туулган

Кыргызстан
Жумагулов Султан Жумагулович 1959-жылы 1-мартта Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. 1980-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
1991-1993-жылдары "Эркин-Тоо" гезитинин башкы редакторунун орун басары;
1993-1995-жылдары "Kyrgyzstan Chronikle" гезитинде баяндамачы;
1995-2000-жылдары "Асаба" гезитинин баяндамачысы;
2000-2009-жылдары ВВС Британ радиосунун кыргыз кызматында кабарчы жана улук кабарчы болуп эмгектенген;
2009-2010-жылдары президенттин катчылыгынын аналитикалык кызматын жетектеген;
2010-2013-жылдары "Азаттык-Медиа" мекемесинин Бишкектеги кеңсесинин директору;
2013-2014-жылдары ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын башкы директору болуп иштеген;
2014-жылдын 1-августунан баштап КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу; 
2014-жылдын 23-ноябрында КТРКнын башкы директорлугуна дайындалган;
2015-жылдын 6-февралында КТРКнын башкы директорлугунан бошотулган;
2017-2018-жылдары маданият, маалымат жана туризм министри болуп иштеген.
2018-жылы 8-октябрга караган түнү Султан Жумагулов узакка созулган оорудан улам 59 жашында мезгилсиз дүйнө салган.
  (67 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: