p

1-март, 1991-жылы Кыргыз курама командасынын футболчусу Ислам Шамшиев төрөлгөн

Кыргызстан
Футбол боюнча Кыргыз курама командасынын жарым коргоочусу, "Дордой" футболдук клубунун вице-капитаны Ислам Шамшиев 1991-жылы Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында туулган. Профессионалдык карьерасын Кыргыз өлкөсүнүн Биринчи Лигасында ойногон 2006-жылы Кызыл-Кыянын "Шахтёр" футболдук клубунда баштаган. 2008-жылы "Шахтёрдон" "Дордой" клубуна өтүп, азыркыга чейин аталган команданын катарында ойноп келет. Ал улуттук курама команданын катарында 2009-жылдын 25-июлунда Кытайга каршы жолдоштук беттеште дебют жасаган. Аталган беттеште Шамшиев 65-мүнөттө алмашууга чыгып, кыргыз курамасы 3:0 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан. 2018-жылдын 22-мартында улуттук курама үчүн алгачкы гол жаратып, "Ак шумкарлар" Азия чемпиондугуна тандоо турунда Мьянма командасын 5:1 эсебинде утуп алышкан. Ислам Шамшиев "Дордойдун" катарында 2 жолу өлкө чемпиондугун (2014, 2018), 6 жолу өлкө Кубогун (2009, 2011, 2014, 2016, 2017, 2018) жана 2 жолу суперкубокту(2013, 2014) жеңип алган. Мындан сырткары ал 5 жолу Топ-Лиганын күмүш медалын (2008, 2009, 2013, 2015, 2016) тагынса, 3 жолу Азия Футбол Конфедерациясынын президентинин Кубогунда (2008, 2009, 2010) финалга чейин жетип барган.  (35 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: