p

16-август, 1987-жылы Советтик театр жана кино актёру Андрей Миронов каза болгон

Дүйнө
Советтик театр жана кино актёру, РСФСРдин Эл артисти Андрей Миронов 1941-жылы 7-мартта төрөлгөн. 
1958-жылы Вахтангов театрынын алдындагы Борис Щукиндин атындагы окуу жайга тапшырган. 1960-жылы "Бул сүйүү болсочу?" аттуу тасмасында алгачкы ролун жараткан. 1963-жылы "Үч кошуу эки" тасмасында башкы ролду жаратып ийгиликке жетишкен. 1966-жылы Андрей Миронов тартылган "Автомобилден абайла" тасмасы көптөгөн чет элдик сыйлыктарга ээ болгон. 1968-жылы 28-апрелде "Бриллиант кол" тасмасынын кеңири премьерасы болуп, рекорддук 76 миллион 700 миң адам чогулган.  Андрей Миронов көптөгөн тасмаларга тартылып, көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.
1987-жылы 14-августта Ригадагы театрда мээсине кан куюлуп, спектаклда акыркы эпизодду ойногонго жетишпей калган. Эки күн бою анын дем алуусун жана жүрөк согуусун калыбына келтирүүгө аракет кылышкан. Бирок актёр 16-август күнү таңкы саат 5:35те  каза болгон. 20-августта Москвадагы Ваганьков көрүстөнүндө коюлган.
  (38 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: