|
p
18-август, 1950-жылы Альпы тоосунда 4 айлык мышык альпинисттердин артынан ээрчип, Маттерхорн чокусун багынткан![]()
Альпы тоосунда 4 айлык мышык альпинисттердин артынан ээрчип, Маттерхорн чокусун багынткан.
Мышык жай бою Hotel Belvedere мейманканысына токтогон альпинисттерди узатып турчу. Жайдын акыркы күндөрүндө мышык альпинисттер менен бирге тоону көздөй чыга берген. 3827 метр бийиктикке жеткен соң альпинисттер токтогон Солвей үйүндө түнөп, эртеси да жолун кийинки альпинисттер менен уланткан. Альпинисттер коопту жерге келишкенде мышыкты таштап аркан менен өтүп кетишкен. Ал топ эс алып отурушканда мышыктын аянычтуу мыёологонун угуп, аны көрүп таң калышкан. Тоонун чокусундагы гид мышыкты рюкзакка салып түшкөн.
(75 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
|