p

18-сентябрь, 2009-жылы СССРдин Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов каза болгон

Кыргызстан
СССРдин Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов 87 жашында каза болгон.
Дайыр Асанов Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында 1922-жылы 30-майда туулган. 1941-жылы Ата Мекендик согуш башталганда Кыргызстандан чакырылган 363 миң жарандын ичинде 19 жаштагы Дайыр Асанов да кандуу согушка аттанган. 1943-жылдын мартында Харьковдун чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабындагы кандуу салгылашта Дайыр Асановдун артиллериялык тобу Чугуевск районунун Пятницкое айылында душмандар менен катуу салгылашкан. Дайыр Асанов 8 танкты, 6 бронемашинаны жана 40тан ашуун автоматчыларды жок кылган. Анын бул эрдиги жогору бааланып, 1943-жылдын 26-октябрында ага Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган. Ал тарыхый Сталинград салгылашуусуна да катышкан.
  (16 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: