|
p
1-октябрь, 1912-жылы орусиялык тарыхчы-этнограф, акын жана котормочу Лев Гумилёв туулган![]()
Советтик жана орусиялык чыгыш таануучу, түрколог, тарыхчы, этнолог, географ, публицист, котормочу, тарых илимдеринин доктору, профессор Лев Гумилёв Орусиянын Царское Село кыштагында туулган. Атасы – белгилүү орус акыны Николай Степанович Гумилёв, энеси – тайлары жагынан түпкү теги татар болгон орустун дагы бир чыгаан акыны Анна Андреевна Ахматова (кыз кезиндеги тек аты - Горенко; 1889-1966).
Лев Гумилёв 1934-жылдан тартып Ленинград университетинин тарых факультетинде окуган. Ал 1944-жылы 13-октябрда Туруханск райаскеркомиссариаты аркылуу өз ыктыяры менен Улуу Ата мекендик согушка аттанган. Лев Гумилёв майданда жүрүп согуш темасында ырларды жазган. Лев Гумилёв 1992-жылдын 15-июнунда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында дүйнөдөн кайтып, анын сөөгү Петербургдагы Александр Невский лаврасы аттуу христиандардын православ кечилканасына караштуу Никольск көрүстөнүндө жерге берилген.
(113 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
|