|
|
p
15-февраль, 1989-жылы 9 айга созулган советтик аскерлерди Ооганстандан чыгаруу операциясы аяктаган
9 айга созулган советтик аскерлерди Ооганстандан чыгаруу операциясы аяктаган. Аму дарыясындагы “Достук” көпүрөсү аркылуу акыркы Советтик БТР танкы өткөн. Андан кийин көпүрөдөн акыркы совет жоокери СССРдин аймагына кирип келген.
1979-жылы СССРдин аскер бөлүктөрү ооган жерине кирип барган. Максаты, жаңы түзүлгөн Ооган Өкмөтүн моджахеддерден коргоо, укуктук мамлекеттин түптөлүшүнө көмөк көрсөтүү болгон. 10 жылга созулган согушка 1 миллионго жакын советтик аскер катышып, 20 миңдейи каза тапкан. 30 миңдей жоокер жаракат алып, майып болушкан. 1 миллиондой ооган эли кырылган.
(37 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |