|
|
p
15-февраль, 1906-жылы Татар акыны Муса Жалил туулган
Татар акыны Муса Жалил Оренбург облусуна караштуу Мустафино кыштагында туулган. Алгач Оренбургдагы "Хусаиния" аттуу медреседе окуп, 1919-жылы комсомол болуп, 1925-жылы "Биз баратабыз" ("Мы идём") аталышындагы алгачкы ырлар жыйнагы чыккан. Ал эми 1927-жылы Москвага көчүп келип, 1929-жылы "Жолдоштор" ("Товарищи") деген экинчи ырлар жыйнагы жарык көргөн.
Муса Жалил Москвадагы мамлекеттик университетте адабият факультетинде окуп, 1931-жылы бүтүргөндөн кийин балдарга арналган татар тилиндеги журналдын редактору болгон. 1934-жылы "Ырлар жана поэмалар" ("Стихи и поэмы") жана "Ордендүү миллиондор" ("Орденоносные миллионы") деген аталыштагы эки ырлар жыйнагы басылып чыккан. 1938-жылы Казанда опера театры ачылып, Муса Жалил бул театр үчүн "Алтын чач" ("Золотоволосая"), "Балыкчы кыз" ("Девушка-рыбачка") сыяктуу либреттолорду жазган. 1939-жылдан баштап акын Татарстандын жазуучулар союзун жетектеп келип, Улуу Ата Мекендик согушта фронтко кеткен. 1942-жылы душмандардын колуна түшүп, 1944-жылы 25-августта өлүм жазасына тартылган. Муса Жалил туткунда жатып да канчалаган ырларды жазып, туткунда чогуу болгондордун жардамы менен алынып, 1957-жылы Ленин сыйлыгына арзыган.
(120 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |