p

3-март, 2009-жылы Журналист, саясий баяндамачы Сыргак Абдылдаевди белгисиз кишилер 21 жерине бычак урушкан

Кыргызстан
Журналист, саясий баяндамачы Сыргак Абдылдаевди белгисиз кишилер 21 жерине бычак урушкан. Журналисттин өмүрүнө кол салуу Бишкектеги Тоголок Молдо көчөсүндөгү басылманын имаратынын жанында кечки саат 7лерге жакын болгон. Муну көрүп калгандар 20 мүнөттүн ичинде №4-шаардык ооруканага жеткиришкен. Сыргак Абдылдаев оор абалда ооруканага түшкөн. Мээси чайкалып, эки колу тең сынган. Анан балтырына 21 жолу: оң жагына 12, сол жагына 9 жолу бычак сайылган. Дарыгерлердин айтымында, журналисттин өмүрүн ооруканага убагында алып келүү сактап калган.
Сыргак Абдылдаев өз учурунда бийликти сындаган курч макалаларды жазган. Ал кыйла жылдардан бери Бишкектеги орус тилдүү эркин басылмаларда саясый, экономикалык, коопсуздук маселелерин козгогон аналитикалык макалаларын жарыялап келген.
  (17 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: