|
|
p
10-март, 1936-жылы ФИФАнын 8-президенти Йозеф Блаттер туулган
Германиялык футбол сүйүүчү, спорт журналисти, ФИФАнын сегизинчи президенти Йозеф Блаттер Швейцариянын Фисп шаарында туулган.
Ал 1956-жылы Лозанна университетиндеги юридикалык факультетти аяктап, Швейцариядагы спорт журналисттеринин ассоциациясынын мүчөсү болгон. 1964-жылы Йозеф Блаттер Швейцариядагы хоккейчилер ассоциациясынын генералдык катчысы болсо, 1972-жылы Мюнхенде өтүүчү Олимпиадалык оюндарга даярданууга жооптуу адамдардын бири болгон. Ал эми 1975-жылы ФИФАнын техникалык директору болуп, 1981-жылы анын генералдык катчысы болуп дайындалган. 1998-жылы болсо Йозеф Блаттер ФИФАнын президенттигине ат салышып, жеңип чыккан. 2015-жылы 29-майда Йозеф Блаттер Эл аралык футбол федерациясынын президенти болуп 5-мөөнөткө шайланып, ал эми 2-июнда кызматтан кете турганын жар салган.
(90 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |