p

10-март, 1957-жылы Террорчу, шейх Усама бен Ладен туулган

Дүйнө
Он жыл бою дүйнөнүн үшүн алып турган террорчу, шейх Усама бен Ладен Сауд Арабиянын Жидда шаарында туулган. Анын толук аты-жөнү Усама бен Мухаммад бен Авад бен Ладен. Анын атасы ири курулуш тармагынын магнаты, өтө бай адамдардын бири болгон. Усама бен Ладен атасынан 250 миллион доллар мурас алган.
Ладендин максаты батыштын таасири жок эркин жана адилеттүү ислам мамлекеттерин түзүү болгон. Ал өзүнүн биринчи катардагы душманы деп АКШ менен Израилди баса белгилечү.
2007-жылы АКШнын Сенаты №1-террорчунун башы үчүн 50 миллион доллар сыйлык берерин жарыялаган.
Усама бен Ладен бою узун (1 метр 95 сантиметр) жана арык (75 килограмм) киши болгон. Сологой экендиги жана дайыма таяк менен жүргөнү айтылат. Ошондой эле арабдардын ак чалмасын башынан түшүрбөй ороп жүрчү. Ал бир гана араб тилинде сүйлөгөн.
Ислам динине абдан берилген адам болгон. Террорчу лидердин жан сакчысы Насер аль-Бахри анын өтө эмгекчил экендигин айткан.
Бен Ладен беш жолу үйлөнгөн. Анын 17 уулунун ичинен экөө – Хамза менен Саад гана “Аль-Каиданын” иштерине аралашкан.
"Аль-Каида" террордук уюмунун лидери Усама бен Ладен 2011-жылы 2-майда Пакистандын Абботтабад шаарында АКШнын атайын аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн.
  (69 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: