p

28-июнь, 1966-жылы Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Эмилбек Алыкулов туулган

 
Кыргызстан
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Эмилбек Алыкулов Жайыл районунда туулган. Эмилбек Алыкулов 1988-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн. Окуусун аяктаган соң 1988-1992-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтта машыктыруучу, 1992-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын жаштар командасында улук машыктыруучу, 1999-жылдан тартып КРнын курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп иштеген.
Эмилбек Алыкулов ондогон эл аралык спорт чеберлерин тарбиялаган. Мисалы, 2008-жылкы Бээжин олимпиадасынын күмүш жана коло медалдарынын ээлери К.Бегалиев, Р.Түмөнбаев, 2010-жылкы 16-Азия оюндарынын чемпиону Д.Көбөнов, күмүш байге ээси К.Жолчубеков, коло медалга ээ болгон Ж.Кенжеев ж.б.
Эмилбек Алыкулов бир нече жолу "Жылдын мыкты устаты" аталып, Кыргыз Республикасынын "Даңк" медалы менен сыйланган.
  (59 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: