p

11-июль -  Шоколаддын бүткүл дүйнөлүк күнү

Дүйнө
Шоколаддын бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленип келет. Бул күндү белгилөө Францияда 1995-жылдын 11-июлунда негиз салынган.
Шоколаддын аталышы – ацтектердин (Мексикадагы индей эли) "чоколатль" – "ачуу суусундук" деген сөзүнөн чыккан. Мекени – Борбордук жана Түштүк Америка. Тарыхка кайрылсак, илгери ацтек жана майя элдери какао дандарынан ачуу суусундукту даярдап, күнүмдүк тамак катары ичишкендиги айтылат.
Кийинчерээк XVI кылымдын ортосунда кечил илимпоз Бенцони Испаниянын падышасына дал ошол суюк шоколаддын пайдасы тууралуу доклад даярдайт. Падыша маалыматты уккан соң аны мамлекеттик сыр деп жарыялайт. Ал сырды кимде ким сыртка чыгарса, башы алынган делет. Көптөгөн жылдар бою шоколад бай адамдардын гана тамагы катары эсептелип келген. XIX кылымдын аягында гана кондитерлер шоколадды жасоонун ыкмасын ачыкка чыгарышат. Ал эми XX кылымдагы кумшекердин кескин арзандашы таттуу даамдын карапайым элге кеңири жайылуусуна өбөлгө түзгөн.
 
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: