super.kg logo

Бишкек мэриясы маршруттук таксилердин багыты өзгөртүлгөн схеманы сунуштады

 

Бишкек мэриясы жүргүнчүлөр көп чогулган жерлерди жана борбор калаанын жол кыймылынын инфраструктурасын эске алуу менен кичи автобустардын маршруттук схемасын оптималдаштырды. Иштелип чыгып сунушталган маршруттук таксилердин өзгөртүлгөн кыймылы Чүй, Москва, Абдрахманов, Манас көчөлөрү жана "Ош базарынын" аймагын карамагына алат. Бул көчөлөрдө муниципалдык транспорттун гана жүрүшү каралган.

"Ош базары" тараптагы Бейшеналиева көчөсүнөн чыгышка карай маршруттук таксилер төмөнкү көчөлөр боюнча кетишет:  

Рыскулов көчөсү менен 3 маршруттук такси – 129, 143, 225.

Чүй кең көчөсү менен 17 маршруттук такси – 111, 122, 215, 138, 166, 225, 212, 173, 185, 206, 211, 218, 220, 243, 254, 286 ,290.

Киев көчөсү менен 21 маршруттук такси – 108, 129, 132, 135, 136, 148, 159, 164, 179, 184, 192, 195, 199, 219, 223, 224, 238, 240, 258, 263, 264. 

Токтогул көчөсү менен 14 маршруттук такси – 103, 107, 133, 134, 139, 161, 176, 204, 222, 227, 260, 281.

Москва көчөсү менен 14 маршруттук такси – 102, 110, 159, 174, 195, 196, 200, 210, 213, 113, 265, 266, 269, 295.

Маршруттук таксилердин кыймылын өзгөртүүгө ылайык, төмөнкү кичи автобустарды башка көчөлөргө которуу сунушталууда. 

1) Буга чейин Манас кең көчөсү менен кесилишкен Бөкөнбаев-Чүй көчөлөрүнөн өткөн №102, 132, 148, 167, 200, 204, 214, 215, 223, 264, 265, 266-маршруттук таксилеринин ичинен Турусбеков көчөсүнө 7 (102, 132, 167, 215, 236, 265, 266), Үмөталиев көчөсүнө 4 (148, 264, 200, 204), Жаш Гвардия бульварына 1 (214) маршруттук такси которулат.  

2) Буга чейин Абдрахманов көчөсү менен кесилишкен Бөкөнбаев-Чүй көчөлөрүнөн өткөн №100, 101, 117, 118, 121, 130, 131, 144, 145, 152, 163, 169, 172, 180, 202, 226, 230, 252, 257-маршруттук таксилеринин ичинен Ибраимов көчөсүнө 17 (100, 101, 152, 163, 172, 117, 118, 130, 131, 144, 145, 169, 180, 202, 226, 252, 257), Шопоков көчөсүнө 2 (121, 230) кичи автобус которулат. 

3) Буга чейин Чүй кең көчөсү менен кесилишкен Абдрахманов-Манас көчөлөрүнөн өткөн №107, 111, 122, 134, 137, 138, 139, 166, 184, 192, 203, 211, 220-маршруттук таксилеринин ичинен Фрунзе көчөсүнө 11 (107, 111, 134, 137,139, 138, 166, 203, 192, 211, 220), Бөкөнбаев көчөсүнө 1 кичи автобус (122), Жибек-Жолу кең көчөсүнө 1 (184) кичи автобус которулат.  

4) Буга чейин Киев көчөсү менен кесилишкен Абдрахманов-Манас көчөлөрүнөн өткөн №103, 104, 108, 129, 135, 136, 143, 150, 154, 155, 164, 170, 179, 185, 199, 212, 216, 219, 222, 224, 225, 227, 240, 243, 254, 258, 260, 262, 269- маршруттук таксилеринин ичинен Фрунзе көчөсүнө 19 (108, 129, 135, 136, 143, 170, 179, 185, 219, 224, 227,240, 254, 260,262, 258), Бөкөнбаев көчөсүнө 8 (103, 104, 212, 164, 199, 222, 225, 243), Ибраимов көчөсүнө 1 (150), Жибек-Жолу кең көчөсүнө 1 (154) кичи автобус которулат. 

5) Буга чейин Токтогул көчөсү менен кесилишкен Абдрахманов-Манас көчөлөрүнөн өткөн №110 жана 114-маршруттук таксилери Бөкөнбаев көчөсүнө которулат. 

6) Буга чейин Манас көчөсү менен кесилишкен Москва-Бөкөнбаев көчөлөрүнөн өткөн №113, 188, 195, 196, 210, 213, 295-маршруттук таксилеринин ичинен Бөкөнбаев көчөсүнө 6 (113, 195, 196, 210, 213, 295), Фрунзе көчөсүнө 1 (188) кичи автобус которулат. 

Сунушталган өзгөртүүлөр коомчулуктун талкуусуна коюлат. Маршруттук таксилердин багытына болгон сунуштар Бишкек мэриясынын Транспорт башкармалыгынын gdt-2007@mail.ru электрондук дарегине жөнөтүлүп же 53-03-36 байланыш телефону аркылуу кабыл алынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: