super.kg logo

Таластын Бекмолдо айылынын тургундары "Жер-Үй" алтын кенин иштетүүгө каршы эмес

 

Талас районундагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн тургундары "Жер-Үй" алтын кенин иштетүүгө каршы эмес. Муну бүгүн, 10-февралда аталган айыл өкмөтүнүн жетекчиси Токтогул Абдыкадыров айыл өкмөттүн жыйынында билдирди. “Буга чейин түшүндүрүү иштери, коомдук угуулар жүргүзүлүп келди. Жалпы жонунан эл макул. Айрым каршы болуп жаткандар бар, айрым саясий күчтөрдүн айтканын аткарып жатышат. 9-февралда тендер өткөрүү боюнча атайын чечим кабыл алынды. Тендерден утуп чыккан ишкана мамлекетке 100 миллион доллар бөлөт, анын 3 миллион доллары айыл өкмөттүн бюджетинде калат. Андан сырткары кен иштеп калса, утуп чыккан компания Талас облусунун төрт районуна жана бир шаарына социалдык жактан жардам берет”,- деди Абдыкадыров.

Жыйынга катышкан айылдык кеңештин депутаттары, аксакалдар кеңеши жана айыл тургундары "Жер-Үй" ишке кирсе, жергиликтүү эл жумуш менен камсыз болорун айтышты.

“Облус, анын ичинен райондун көпчүлүк жаштары Орусияга кетип калышты. Анысы аз келгенсип, азыр Сириядагы согушка катышууга кетип жатышат. Бул жумушсуздуктун күч алып жатканынан улам болууда. Кен ишке кирсе, райондун миңдеген жаштары жумуш менен камсыз болуп, өз жеринде турмуш кечиришмек”,- дешти жыйынга катышкан жергиликтүү тургундар.

Алтын кенин иштетүүгө комиссия түзүлүп, тендер өткөрүүгө макулдук берди. Анын курамына өкмөттүн облустагы өкүлү, Талас районунун акими, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы жана айылдык кеңештин төрагасы кирген. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: