Жылнаама, 14-февраль: Мындан 21 жыл мурун советтик киши өлтүргүч Андрей Чикатило өлүм жазасына тартылган


Эң биринчи курмандыгы 9 жаштагы Елена Закотнованы 1978-жылы 22-декабрда өлтүргөн. Еленаны зордуктап, муунтуп, үч жолу ичине бычак менен сайган. Кийин белгилүү болгондой, Чикатило Еленаны өзүнүн (үй-бүлөсүнө билгизбей сатып алган батирине) үйүнө "сагыз берем" деп алдап киргизген. Тергөө маалында өзүнүн айтканы боюнча, ал жөн эле "тентектик кылып" коюуну көздөгөн, бирок ал кызды чечиндире баштаганда, кыз ыйлап, кыйкырык салган. Чикатило кошуналар угуп калат деген ойдо аны муунткан. Муунтуп жатканда кыздын чыгарган үндөрүнөн ал ырахат алып, зордуктаган. Бир жыл өткөндө ал 17 жаштагы кызды өлтүрүп, андан кийин сериялуу өлтүрүүлөрдү баштаган. Акыркы курмандыгы 22 жаштагы Светлана Коростик болгон.
1990-жылы 20-ноябрда Чикатило колго түшүрүлүп, 14-ноябрда сот аны өлүм жазасына тартуу боюнча өкүм чыгарган. Өлүм жазасын ала электе Чикатило Борис Ельцинге кылмыш жазасынан куткарууну суранып кат жазган. Суранычы четке кагылып, 14-февралда Чикатило өлүм жазасына тартылган.


14-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.