super.kg logo

Кыргызстанга кызамыкка каршы 840 миң доза вакцина алынып келинет

 
Кыргызстанга 12-февралда кызамыкка жана кызылчага каршы 840 миң доза вакцина, башкача айтканда, 2835 килограмм салмактагы эмдөөчү каражаттар ЮНИСЕФ аркылуу алынып келинет.
Республикалык эмдөө борборунун директору, иммунолог Жолдош Калилов SUPER.KG порталына кызамыкка каршы вакцина тууралуу буларга токтолду: 
"Учак менен келген эмдөөчү каражаттар бажы аркылуу такталып, тийиштүү сертификат 18-февралга чейин алынат. Документ иштери бүткөндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу чыгат. Андан кийин алгач 11-20 жаштагы жарандарды эмдөө башталат. Эмдөө акысыз жүргүзүлөт. Аймактарга муздаткыч аркылуу жеткиргенге аракет кылабыз. Азыркы тапта запаста 17,5 миң доза бар. Кызамыкка жана кызылчага кабылгандардын басымдуу бөлүгү Чүй облусу менен Бишкек шаарынан болуп жатат",- деди ал. Маалыматка караганда, учурда 5736 адам вирусту жуктуруп алган. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: