super.kg logo

Кызамыкка кабылгандардын саны 5736 адамга жетти, алардын 21,1 пайызын 1 жашка чейинки балдар түзөт

 

2015-жылдын 9-февралына карата Кыргызстанда кызамыкты жуктуруп катталгандардын саны 5736 адамга жетти. Алардын ичинен 5201 адам дарыланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. 

Белгилүү болгондой, 20-24-январь аралыгында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун эксперттери вируска каршы күрөшүү боюнча консультация беришти. Өкмөт тарабынан эмдөөчү каражат алуу үчүн 34,4 миллион сом бөлүнгөн. Вирустун алдын алуу боюнча 257 миң доза пайдаланылган. Кызамыкка кабылгандардын 28,3 пайызы - 20 жаштан жогоркулар, 32 пайызы - 10-19 жаштагылар, 5,8 пайызы - 5-9 жаштагы балдар, 12 пайызы - 1-4 жаштагы балдар жана 21,1 пайызы - 1 жашка чейинки балдар.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: