super.kg logo

Ош. Диний саясатты ишке ашырууда дин кызматкерлеринин конкреттүү иш-план менен иштөөсүн жөнгө салуу маселеси көтөрүлдү

 

9-февраль күнү Ош облусунун мусулмандарынын казыятында райондордун башкы имам-хатибдеринин катышуусунда кезектеги жыйын болуп өттү. Жыйынга Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов жетекчилик кылып, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Өзгөн, Араван жана Ноокат райондорунун башкы имам-хатибдери катышышты.

Облустук казыяттан кабарлашкандай, жыйындын жүрүшүндө райондордун башкы имам-хатибдери тарабынан 2015-жылга карата иштелип чыккан иш-мерчемдеринин долбоору талкууланды. Жыйындын негизги максаты катары 2015-жыл ичинде Ош облусунун аймагындагы райондордо диний саясатты ишке ашырууда дин кызматкерлеринин конкреттүү иш планы менен иштөөсүн жөнгө салуу экендиги белгиленди. Бул боюнча облус казысы райондордун башкы имам-хатибдери менен айылдык округдардын дин кызматкерлери жылдык иш пландарын кабыл алууда «2014-2020-жылдар үчүн Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын концепциясында» көрсөтүлгөн багыттарды эске алып, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иш пландарын өнөктөштүктө ишке ашырууну камсыз кылуусуна тапшырма берди. Жыйында айтылган сунуш-пикирлерди эске алып, айрым толуктоолорду киргизүү менен райондук хатибчиликтердин жылдык иш пландары жактырылды. Жыйын соңунда казыяттын жана райондук хатибчиликтердин иш пландарынын негизинде айтылган сунуш-пикирлер мамлекеттик бийлик органдары менен биргеликте ишке ашырылуучу облустук деңгээлдеги үч тараптуу иш планына киргизилмекчи. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: