"Жер-Үй" алтын кенинде 120 тонна алтын, 30 тонна күмүш бар



Сүрөттө көрсөтүлгөн ишкананын курулушунун 75 пайызы бүткөрүлгөн. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев өзүнө тартып алууга аракет кылганда, ишкананын курулушу токтоп калган.

"Жер-Үй" алтын кени сүрөттө көрсөтүлгөн ишканадан 15 чакырым жогору жакта жайгашкан.



Талас районундагы "Жер-Үй" алтын кенинде 120 тонна алтын, 30 тонна күмүш бар. Муну 10-февралда журналисттерге кенди казуу боюнча сынак өткөрүүчү комиссиянын төрагасы Сыргабек Молдобаев билдирди. Анын айтымында, "Жер-Үй" - уникалдуу жай. Ошондой эле кенди казуучу жайдын инфраструктурасы даяр. "Кен жайгашкан жайды сатып алган компания мурда инфраструктурасын куруп, дээрлик даяр кылып койгон. Жолу салынып, жогорку чыңалуудагы электр зымдары да тартылып калган. Сынактан утуп чыккан компаниянын карьерди казуу гана милдети турат. Калдык сактоочу жери да бар",- деди Молдобаев.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Фото: Жамалидин Парманкулов
Молдобаев алтын кендин буга чейин казылбай жатканына өкмөттү күнөөлөдү.
"Бул кен азыр соттук кароодо. Бирок сотту токтотуу керек экени айтылып жатат. Соттук ишти токтотпой эле, үстөк акчаларды күзгө чейин төлөп туруу керек. Анткени азыркы долбоордун пунктуна мурунку компаниянын кенди казуу үчүн буга чейин кетирген чыгымдарын төлөп берүүсүн милдеттендирүү киргизилип жатат. Же болбосо эки компания тынчтык жолу менен сүйлөшүп чечип алса болот. Анткени мурдагы компания жерди 49 жылга сатып алган. Жаңы компанияны бул жакка киргизбей коюшу да мүмкүн. Ал эми кендин 20 жылдан бери казылбай жатканына өкмөт күнөөлүү. Себеби башында эле аралашып, жергиликтүү эл койгон талапты аткарууну милдеттендирип, аткарып берип койсо, иштөөсүнө уруксат берилмек. Элге деле экологиялык зыян тийгизели деген жаман ойлорубуз жок, болгону алдын ала аралашып, талаптарды аткартуу керек",- деп кошумчалады Молдобаев.
Кен 15 жыл ичинде казылып бүтүшү мүмкүн экени айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:48
2025-07-11

15:52
2025-07-11
Рейтинг:
0

Комментарийлер(5)
Aidar.001

10.02.2015. 22:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
элден эле жардам сурасанар 10 кундо казып салмакпыз,акысын алкындылардан чыгарганча
Xabibbullo

10.02.2015. 22:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кумтор сыяктуу сатып ийип анан биздин пайыз аз коп дебей туура чечим чыгарыш керек. Кайдагы болбогон жерге акчаны тыга бербей кенди мамлекет озу иштетсе короткон акчаны 100эсе которуп актап алышат. Коркпой рисковайтетип Мамлекет озу иштетсе болот.
macho90

11.02.2015. 00:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzstan onugup ketetta al altyndyn baary kalsa.
nuru95kg

11.02.2015. 01:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
macho90, ошону алып алышсынчы биринчи! Ушул кэнди депта депутаттар урушушат
Yu-piter

11.02.2015. 02:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Андай так маалыматты кайдан билдиңер, кызык
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.