Кыргызстандан Кытайга беде экспорттоо маселеси Бишкекте талкууланды
Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев 10-февралда Кытай энергетика департаментинин жетекчиси Ли Ляньчао менен жолугушту. Жолугушуунун максаты - Кыргызстандан товарларды түздөн-түз Кытай мамлекетине экспорттоо маселесин талкуулоо. Аталган министрликтен билдиришкендей, Ляньчао Кыргызстанга биринчи жолу келгенин, айыл чарба багытына көп көңүл бурарын белгиледи. "Кытай импорттой турган негизги товар - беде. Министр учурда Кыргызстанда бедени иштетүүчү атайын каражаттар жок болгондугуна байланыштуу Кытай менен бирге иш жүргүзүлсө, алар Кыргызстанга техникалык жабдуулары менен келишерин айтты. Дыйкандарга техникалык жактан жеңилдиктер болорун да билдирди",- деп билдирет министрлик.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:17
2025-07-25
22:10
2025-07-24
Рейтинг:
0

