super.kg logo

Ош облусундагы дааватчылардын иштөө тартибин жакшыртуу күчөтүлөт

 
Бүгүн Ош облусунун мусулмандар казыятында райондордун даават жүргүзүү боюнча жооптуу адистеринин жыйыны болуп өттү. Жыйында Ош облусунун 7 районунда жүрүп жаткан даават иштери боюнча маалыматтар угулду. 
Анда облус казысы Ниязали ажы Арипов дааватчылардын жамааттарын сыртка жиберүүдө жана сырттан келген дааватчыларды кабыл алууда муфтияттан чыккан даават боюнча жобонун негизинде гана иш алып барууну буйруду. Даават жүргүзүүнүн жобосуна ылайык, тиешелүү шарттарга ылайык келген жарандар үй-бүлөсүнүн уруксатын тастыктаган кагаз жана муфтияттын аймактык өкүлчүлүгүнөн атайын жолдомо алуу менен дааватка жиберилери айтылды. 
Мындан сырткары райондордо дааватчыларды эсептик каттоого алып, ай сайын облустук казыятка маалымат тапшыруу милдети жооптуу адистерге жүктөлдү. Ошондой эле жободо көрсөтүлгөн тартиптерди аткарбастан, өз алдынча даават кылган жарандардын тобу ар бир иш-аракеттерине өздөрү жоопкерчиликтүү болору эскертилди. 
Жыйынтыгында Ноокат районундагы даават иштери боюнча маалымат купулга толорлук деп табылып, райондор иш-аракеттерди көзөмөлдөөдө бири-биринен тажрыйба алуу ниеттерин билдиришти. Жыйын соңунда казы дааватка жооптуу адистерге ийгилик каалоо менен «Мусулмандын бакчасы» аттуу китепти белекке берди. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: