super.kg logo

Ошто Улуу Британиядан келген адис англис тилин окутуу боюнча усулдарды үйрөттү

 

Бүгүн, 11-февралда Оштогу №8-мектепте өткөн “Достук баарынан күчтүү” аттуу семинарда Улуу Британиянын Улуттар аралык илим-билим жана маданият жаатындагы мамилелерди чыңдоо кеңешинин кызматкери Нейл Винстон башталгыч класстын окуучуларына англис тилин окутууда жомок китептерди туура колдонуп, кызыктуулугун арттыруу боюнча өз тажрыйбасын мугалимдерге көрсөтүп берди.

Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, ал жомоктордогу каармандардын ролун окуучуларга бөлүштүрүп, аларды практика жүзүндө аткартып туруу менен англис тилинде сүйлөө боюнча сөз байлыкты кеңейтип, чет тилин үйрөнүүгө болгон кызыгууларын арттыруу мүмкүн экенин баса белгиледи.

Аталган мектептин башталгыч класстарынын окуучулары “Кар ханышасы” жомогун англис тилинде көрсөтүп беришти. Семинарга Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери жана аталган башкармалыкка караштуу бардык мектептердин башталгыч класстарынын англис тили мугалимдери катышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: