Бишкекте “Тамашоунун” Кышкы фестивалы башталды
Бүгүн, 9-февралда Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Тамашоунун” Кышкы фестивалы башталды. Бул фестивалга катышкан командалар “Эң мыкты команда”, “Эң мыкты оюнчу” жана “Эң мыкты тамаша” категориясы боюнча ат салышат. Мында "УКГ №5", "Тергөө", "No name", "Алтын сегиз", "NutsТан", "5+1", "Тамадалар", "Жалал-Абад", "Боорсок", "Тамашарики", "Нур" жана "Ак-Өргө Sity" командалары катышууда. Фестивалдын оюнчуларынын талантын баалаган калыстар тобунун курамында ырчы Гүлнур Сатылганова, режиссёр Эрнест Абдыжапаров, стилист Замира Молошева, SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова
ырчы Урмат Усенов жана юрист Жоомарт Жолдошев бар.
Автор: Мээрим Жеңишбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.