Талас. Учурда облустагы айлык маянанын орточо көлөмү 8 миң 262 сом
2012-жылы Талас облусунда 2 миллиард 920 миллион сомдук азык-түлүк өндүрүлгөн. Мындан сырткары облуска 767 миллион сомдук инвестиция тартылган. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады. Өткөн жылы облуста өндүрүлгөн азык-түлүктөрдү экспорттоонун көлөмү 1 миллиард 384 миллион сомду түзүп, 2011-жылга салыштырмалуу 17,5 пайызга төмөндөгөн. Ал эми бүгүнкү күнгө карата облустагы айлык акынын орточо көлөмү 8 миң 262 сом болууда, бул 2011-жылга салыштырмалуу 524 сомго көп.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:18
2026-02-15
18:43
2026-02-14
16:19
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















