Аба ырайы, 18-февраль: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Туман түшүп, жолдор тайгак болот

18-февралда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр аралаш кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
кошулду
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Чүй облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -1°C
Талас облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -2°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +°C, түнкүсүн 0°C
Баткен облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -3°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +2°C, түнкүсүн -2°C
Нарын облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -10°C
Бишкек шаары. Күндүз +5°C, түнкүсүн -1°C
Эскертүү!
2015-жылдын 17-февралынан 20-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Ала-Бука - Каныш-Кыя, Каракол - Эңилчек, Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.