super.kg logo

Ошто окуучулар арасында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата көркөм окуу сынагы башталды

 

Бүгүн, 18-февралда шаардагы Керме-Тоо атындагы №42-мектепте Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата шаардагы 7 жаштан 17 жашка чейинки курактагы мектеп окуучуларынын арасында көркөм окуу сынагы болуп өттү.  

Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, окуучулар сынактын коюлган талабына ылайык, согуш, тынчтык, Ата Мекен, эне тили жана башка патриоттуулукка тарбиялай турган багыттагы акын-жазуучулардын ырларын жатка билип, аны уккулуктуу, көркөм айтып беришти. Сынактын катышуучуларына бирдей мүмкүнчүлүк түзүү үчүн балдарды жаш өзгөчөлүгү боюнча 3 топко бөлүшкөн: 7 жаштан 10 жашка чейинкилер, 11 жаштан 14 жашка чейинкилер жана 15 жаштан 17 жашка чейинкилер.

Жыйынтыгында 1-2-орунга ээ болгон окуучулар бул сынактын кийинки баскычына, шаардык биринчиликке катышууга жолдомо алышты. Аталган сынак КРнын "Мамлекеттик тил” жөнүндө мыйзамынын талаптарын жана Ош шаардык мэриясынын “Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата көркөм окуу сынагын өткөрүү” жөнүндөгү буйругун аткаруунун алкагында өткөрүлдү.    






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: