Бишкекте Ооганстандан советтик жоокерлердин чыгарылгандыгынын 24 жылдыгы белгиленди







Бүгүн, 11-февралда Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 24 жылдыгы белгиленди. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Ооган согушунун ардагерлерин Свердлов районунун акими Чынарбек Алымкулов, Ооган согушунун ардагерлеринин шаардык кеңешинин төрагасы, ЖКнын депутаты Кожобек Рыспаев жана республикадагы Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы, ЖКнын депутаты Нурлан Төрөбеков куттукташты. Иш-чарада согушка катышып келген 174 ардагердин ар бирине 800 сом, согуштан майып болуп калган 8 адамдын ар бирине 3000 сомдон жана Ооган согушунда жакынын жоготкон 8 үй-бүлөгө 5000 сом өлчөмүндө материалдык жардам берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.