КСДП фракциясы Германиянын Кыргызстанга 38 миллион евро бөлүүсүнө байланышкан документти жактырды

Бүгүн, 20-февралда парламенттеги КСДП фракциясынын жыйынында Кыргызстандын өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы токтому менен жактырылган “Бишкек шаарында 2014-жылдын 26-сентябрында кол коюлган Кыргызстан - Германия өкмөттөрүнүн ортосундагы 2013-2014-жылдарга каржылык кызматташтык жөнүндө” мыйзам долбоору жактырылды.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Аталган документке ылайык, Германия Кыргызстанга 38 миллион евро суммасында грант бөлүп бермекчи. Экономика министрлигинин өкүлү билдиргендей, бул акча медицина, айыл чарба, билим берүү тармактарына жумшалат.
Айта кетсек, 16-февралда парламенттин Бюджет жана финансы комитети аталган келишимди кароодон баш тарткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:17
2025-07-25
22:10
2025-07-24
Рейтинг:
0

