Медициналык академиянын ректору журналисттерден кечирим сурады
Медициналык академиянын ректору Ашыралы Зурдинов журналисттерден кечирим сурады. Бул тууралуу ректор бүгүн, 20-февралда академияда өткөн брифинг учурунда билдирди.
Ошондой эле ал журналисттерге карата орой мамиле жасаган кызматкерлерге сөгүш берилгенин айтты.
Айта кетсек, 17-февраль күнү “Азаттык+” телепрограммасынын журналисти Токтосун Шамбетов жана оператор Жанарбек Жолдошбаев Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Ашыралы Зурдиновдон академиядагы коррупция боюнча интервью алганы барышкан. Бирок окуу жайдын кызматкерлери журналисттерди ректорго киргизбей, ошол жердеги милиция кызматкерлери менен бирге күч колдонуп окуу жайдан чыгарып салышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:06
2025-07-09

18:43
2025-07-09
Рейтинг:
0

:)))