Кыргызстанда экономиканын төмөндөшүнө "Кумтөрдө" алтын өндүрүүнүн азайышы себеп болгон
Кыргызстанда экономиканын төмөндөшүнө "Кумтөр" кенинде алтын өндүрүүнүн азайышы себеп болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Экономика министринин орун басары Санжар Муканбетов министрликтин коллегиялык жыйынында билдирди. Айтымында, бюджеттин киреше бөлүгү 2011-жылга салыштырмалуу 12,1 пайызга көбөйүп, 86,8 миллиард сомду түзгөн. "Өткөн жылы кээ бир экономикалык терс көрүнүштөргө карабастан, белгилүү бир жыйынтыктарга жетиштик. Бирок ички дүң продукциянын көлөмү 2012-жылы күтүлүп жаткан планга 2,7% жетпей калды",- дейт ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

