Жылнаама, 24-февраль: Мындан 60 жыл мурун америкалык инженер жана жеке ишкер Стив Жобс туулган
* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы белгилүү обончу Жолдошбек Мамажанов Кадамжайда ооруканада 58 жаш курагында каза болгон. Ал “Сүрөтүңө”, “Жазым, келчи”, "Сагындым", "Өмүр өтөт, жаштык өтөт" аттуу элге белгилүү обондорду жазып калтырган.



Жалгыздыкты жактырып, өзүнөн улуулар менен жакшы тил табышчу. 16 жашында электрониканы жакшы билип калган Стив өзүнөн 5 жаш улуу Стив Возняк менен таанышат. Кызыкчылыктары төп келишкен экөө бат эле тил табышышат. Окууну аяктаган соң Жобс университетке тапшырып, бирок бир семестрден кийин эле окуусун таштап салат. Анын себебин 2005-жылы ал “Менин колледждеги убактым текке кетти. Ата-энем өмүр бою чогулткан акчаны окуу үчүн короткум келген эмес” деп түшүндүргөн. Мына ушундан кийин гана ал технология дүйнөсүн түп-тамыры менен өзгөртүүгө аттанган.
Эл алдында күлүп-жайнап жүргөн инноватордун ден соолугу акыркы жылдары начарлап кеткен. 2004-жылы анын уйку безиндеги залалдуу шишик операциянын негизинде алынган. Жакындарынын айтымында, Стив өлүм жөнүндө көп ойлончу, себеби ал бул жашоодо өчпөс из калтырып кеткиси келген. 2009-жылы ал коомчулукка боорун алмаштырганын жар салган. 2011-жылдын 5-октябрында 56 жаш курагында Стив уйку безиндеги рактын айынан көз жумган. Стив Жобс өзүнүн өмүрүндө гениалдуу инноватордук таланты менен дүйнөнү өзгөрткөн 13 эркектин катарын толуктап, кийинки муунга мыкты үлгү катары тарыхта калган.
24-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.