super.kg logo

Жылнаама, 25-февраль: Мындан 26 жыл мурун казак ырчысы Кайрат Нуртас туулган

 
* Мындан 179 жыл мурун, 1836-жылы америкалык ишкер жана ойлоп табуучу Сэмюэл Кольт “Кольт” тапанчасын патенттеген. Сэмюэл Кольттун ишканасы биринчи он жылда банкроттуктан башы арылбай, араң иштеген. Качан барып Америка менен Мексиканын ортосунда согуш башталганда "Кольт" тапанчасынын "бактысы ачылып", атчан жоокерлердин алмашкыс куралына айланган.
 
* Мындан 26 жыл мурун, 1989-жылы казак ырчысы Кайрат Нуртас Казакстандын Чымкент облусундагы Түркстан шаарында туулган. Биринчи жолу сахнага 10 жашында Байкоңурда чыккан. Биринчи жеке концертин 2008-жылы Алматы шаарында берген. Ал Шамши Калдаяков, Асет Бейсеуов, Ержан Серикбаевдин ырларын аткарып, кээ бир ырларын өзү жараткан.
* Мындан 18 жыл мурун, 1997-жылы Кытайдын Үрүмчү шаарында террорчулар койгон бомбадан улам 3 автобус жарылган. 9 киши каза болуп, 74 адам ар кандай жаракаттарды алган.
* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы советтик жана орусиялык актёр, Орусиянын Эмгек сиңирген артисти Владислав Галкин 38 жаш курагында Москва шаарындагы батиринде каза болгон. Актёр 1971-жылы 25-декабрда Москва шаарында туулган. Ал элдин сүйүктүү фильмине айланган "Узак жолдогу айдоочулар", "Диверсант", "72 метр" аттуу тасмаларда башкы ролдорду жараткан.
25-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: