super.kg logo

Чек арачылар тууралуу тартылган тасманын жаратуучулары сыйланышты

 
Аземде "Чек ара" тасмасынын директору Руслан Копобаевге “Карегимде мекен чеги” медалын тапшыруу учуру.
Тасмадагы башкы каармандардын ролун жараткандарга КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын ыраазычылык каты тапшырылды.
Сыйлык тапшыруу учурунан.
Тасманы койгон режиссёр Элдияр Айылчиев: "Тасма 1 ай тартылды. Көп каражат сарпталган жок",- деди.
КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү.
Тасманын башкы каармандары - Рамазан Кубатбеков, Бактияр Раушанбеков жана Азат Жунушев.
Тасмадан үзүндү.

Бүгүн, 26-февралда баш калаада кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу чек арачылар тууралуу тартылган “Чек ара” аталышындагы көркөм тасманын жаратуучуларын сыйлоо аземи өткөрүлдү. Иш-чарада КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси, полковник Райимберди Дүйшөнбиев аталган мекеменин “Карегимде мекен чеги” медалын тасманын директору Руслан Копобаевге, режиссёр-коюучу Элдияр Айылчиевге тапшырды.

Ошондой эле КРнын Чек ара кызматынын грамотасы менен фильмдин режиссёру Бектен Токтонов, оператору Калыс Кадыркул уулу сыйланышты. Ал эми башкы каармандардын ролун жаратышкан Рамазан Кубатбеков, Азат Жунушев жана Бактияр Раушанбековго ыраазычылык каты ыйгарылды.

Сыйлыктар Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата мамлекеттик чек араны кайтарууга жана коргоого кошкон салымдары үчүн тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
26.02.2015. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Идеасы жакшы фильм экен.Бирок коп кемчиликтери бар.Мындан ары да коптогон ийгиликтерди каалайбыз.
26.02.2015. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чек ара боюнча биринчи кино.жакшы деген баа
26.02.2015. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушуга окшогон кинолорду коп коп тартса жакшы болмок. Кайдагы бандит суйуу жонундо кинолор абдан коп болуп кетти.
26.02.2015. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи жакшы кино тартылган, болот биринчиси жакшы, кийинкисине ийгилик каалайм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: