super.kg logo

Кыргыз Эл жазуучусу Өскөн Даникеевдин 80 жылдыгы белгиленет

 

27-февралда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Өскөн Даникеевдин 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти. 

Өскөн Даникеев Сокулук районунун Чоң-Жар айылында 1934-жылдын 21-декабрында туулган.

1948–1951-ж.ж. борборубуздагы №5-кыргыз орто мектеп-интернатында тарбияланып, 1951-жылы Москвадагы Тоо-кен институтуна кабыл алынган.

Билим берүү тармагында биринчи болуп кыргыз тилинде "Сызма геометрия" окуу китебин жазган (1970-ж.). Ошондой эле "Инженердик графика боюнча орусча-кыргызча терминологиялык сөздүгүн" (1974-ж.) түзгөн.

Ө.Даникеевдин "Бакир" чыгармасы 1961-жылы жарыяланган. Кийин "Кыздын сыры" аттуу повести жарык көрүп, орус, француз жана башка тилдерге которулуп, көркөм фильм тартылган.

Авторго "Көкөй кести" романы үчүн 1986-жылы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.

Жазуучу Эл агартуунун жана СССР Куралдуу күчтөрүн маданий жактан тейлөөнүн отличниги, И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору. 3-даражадагы Манас, Ардак белгиси ордендери, медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 1991-жылы "Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу", 2003-жылы "Бишкек шаарынын ардактуу жараны" деген наамдар берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: