super.kg logo

Ош. Башталгыч класстардын окуучуларына интерактивдүү такта менен сабак өтүлүүдө

 

Бүгүн, 26-февралда шаардагы Курманжан датка атындагы мектепте “Натыйжалуу сабак өтүүдө интерактивдүү тактанын ролу” деген теманын алкагында башталгыч класстардын мугалимдери үчүн семинар болуп өттү.

Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, анда интерактивдүү такта менен иштөөнүн жолдорун үйрөтүү максатында тажрыйбалуу мугалимдер окуучуларга аталган тактаны колдонуп ачык сабактарды өтүштү. Башкармалыктын усулчусу М.Мырзакаримова: “Интерактивдүү тактаны колдонуп өткөн сабактарыбыздын жыйынтыгы абдан жакшы бааланууда. Заман агымына жараша, балдардын кабыл алуусуна, түшүнүгүнө жараша сабакка кызыктыруу аракеттерин тынымсыз жүргүзүп келүүдөбүз. Мунун бири катары жогорудагы айтып өткөн усулду айта алабыз. Алдыда шаардагы бардык мектептин башталгыч класстарынын мугалимдерине жаңы технологияларды колдонуп сабак өтүүнү жайылтабыз жана талап кылабыз”,- деди.

Аталган семинарга Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери жана шаардагы мектептердин башталгыч класстар боюнча директорунун орун басарлары катышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.02.2015. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мезгилдин жетишкендиктерин колдонуп, заман менен тең жарышкан жакшы дечи, бирок Ош билим берүү башкармалыгынын мындан башка жаңылыгы жок окшойт, интерактивдүү тактаны байма-бай чыгарат...
26.02.2015. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шаар ичиндеги мектептерге эле тапкандарын беришет, тээ алыскы мектептердин абалы менен эчкимдин иши жок!
Модератор shutUP түзөттү 2015-02-26 18:42:00
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: