Бишкекте журналист Күлбүбү Бектурганованын 75 жылдык мааракесине карата “Жылдызы жанган калемгер” аттуу көргөзмө ачылат
27-февралда Бишкектеги А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада КРнын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери, журналист Күлбүбү Бектурганованын 75 жылдык мааракесине карата “Жылдызы жанган калемгер” аттуу көргөзмө ачылат. Бул тууралуу аталган китепканадан билдиришти.
Маалым болгондой, көргөзмө эки бөлүктөн турат: “Бакыт эмгектен жаралат” жана “Кыргызстан аялдар кыймылына 90 жыл”. Бул иш-чарада "Кыргыз аялдары мифтерде жана уламыштарда" китебинин бет ачары болот.
Көргөзмөнүн ачылыш аземине мамлекеттик, коомдук, илим, маданият ишмерлери, студенттер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.