super.kg logo

Караколдо Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган эскерүү кечесинде спектакль коюлду

 
Кечеде Улуу Ата Мекендик согушту чагылдырган спектакль коюлду.
Кечеде калк арасындагы кадыр-барктуу жарандар өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы, Алкыш баракчалары жана баалуу белектери менен сыйланышты.
Кечеде калк арасындагы кадыр-барктуу жарандар өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы, Алкыш баракчалары жана баалуу белектери менен сыйланышты.
Аталган кечеге өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Каптагаев, райондук администрация жана шаар башчылары, Ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү жана башкалар катышты.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата согушка катышкандарды эскерүү кечеси өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Аталган кечеге өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Каптагаев, райондук администрация жана шаар башчылары, Ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү жана башкалар катышты. Иш-чаранын максаты - Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата аталардын эрдиктерин жана тылдагы апалардын эмгектерин эскерүү.

Кечеде облустун гендердик өнүгүү багытында жүргүзгөн ар тараптуу иш-аракеттерине жигердүү салым кошкондугу, коомдук турмуштагы активдүүлүгүн көргөзгөн жаштарга үлгү болуп, калк арасында кадыр-барктуу жарандар Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы, Алкыш баракчалары жана баалуу белектери менен сыйланышты.

Салтанатта Улуу Ата Мекендик согушту чагылдырган чакан спектакль жана концерт орун алды.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: