super.kg logo

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 3,2 миллиард метр кубга аз

 

27-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард 208 миллион метр кубду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 3 миллиард 226 миллион метр кубга аз. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Суу сактагычка учурда секундасына 169 метр куб суу агып кирсе, 2014-жылы ушул маалдагы көрсөткүч 167 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 513 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 783 метр куб болгон. 

Эске салсак, өткөн жылы 27-февралда суу сактагычтагы суунун көлөмү 10 миллиард 434 миллион метр кубду түзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: