Эртең Жалал-Абадда студенттер Ак калпак күнүнө карата жөө жүрүшкө чыгышат
Эртең, 3-мартта Жалал-Абад
шаарындагы студенттер Ак калпак күнүнө жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынган күнүнө карата жөө жүрүшкө чыгышат. Мэриянын басма сөз кызматынан билдиргендей, жүрүшкө чыккандар баштарына ак калпак кийип алышып шаардагы борбордук көчөлөрдү кыдырышат. Аларды жол-кайгуул кызматкерлери коштоп жүрүшмөкчү.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Белгилей кетсек, өлкөнүн мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынган. Ал эми Ак калпак күнү 2011-жылы демилгеленип, ошондон тарта жыл сайын белгиленип келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:52
2025-07-11
13:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.