Жылнаама, 3-март: Мындан 65 жыл мурун телеалпаруучу, диктор Бактыбек Мамытов туулган

Бактыбек Мамытов маданиятка кошкон салымы үчүн көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. 2000-жылы Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн отличниги, 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 2006-жылы Даңк медалы жана башка бир топ сыйлыктарга татыган. Көптөгөн жылдар бою "Арноо концерти" көрсөтүүсүнүн редактору жана алып баруучусу, КТРКнын алдындагы "ТВ-студиясынын" диктору.
* Мындан 6 жыл мурун, 2009-жылы журналист, саясий баяндамачы Сыргак Абдылдаевге белгисиз адамдар 21 жолу бычак урушкан. Журналисттин өмүрүнө кол салуу Бишкектеги Тоголок Молдо көчөсүндөгү басылманын имаратынын жанында кечки саат 7лерге жакын болгон. Муну көрүп калгандар 20 мүнөттүн ичинде №4-шаардык ооруканага жеткиришкен. Сыргак Абдылдаев оор абалда ооруканага түшкөн. Мээси чайкалып, эки колу тең сынган. Анан балтырына 21 жолу: оң жагына 12, сол жагына 9 жолу бычак сайылган. Дарыгерлердин айтымында, журналисттин өмүрүн ооруканага убагында алып келүү сактап калган. Сыргак Абдылдаев өз учурунда бийликти сындаган курч макалаларды жазган. Ал кыйла жылдардан бери Бишкектеги орус тилдүү эркин басылмаларда саясий, экономикалык, коопсуздук маселелерин козгогон аналитикалык макалаларын жарыялап келген.
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Кытайдын Юньнань провинциясында жер титирөө болуп, көптөгөн имараттар кыйроого учураган. Жер титирөөнүн күчү 5,5 баллга жеткен. Күтүүсүз кырсыктан 92 миң адам жабыр тартса, 1700дөй үй кыйрап калган. Аталган аймактагы электр жана суу менен камсыз кылуу тармагы да иштен чыккан. Кырсык болгон жерге мамлекет тарабынан 3 миң чатыр, төшөнчү жана жылуу кийимдер жеткирилген.
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы “Орусия периси-2013” сулуулар сынагында 18 жаштагы Эльмира Абдразакова аттуу кыз жеңүүчү болгон. Орусиянын Междуреченск шаарынын тургуну болгон бул сулууга 100 миң доллар жана жеңил унаа берилген. Жеңүүчүнүн улуту ким экендиги көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып турган учурда Абдразакова өзү маалымат жыйын өткөрүп, апасы орус, атасы татар улутунан экендигин айткан.



3-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Akmosha

02.03.2015. 21:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыбек Мамытов агай жакшы Адам.Карапайым мунозу баалуу.Бар болунуз агай.
danyshman

03.03.2015. 07:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактыбек ака жакшы киши озу,жакшы адамдын белгиси жузунон эле билинет.Аттин телевидениенин ону Бактыбек аканин жузундой болсо.Ар дайым бар болунуз,ден соолукта болунуз.
maks94.kb

03.03.2015. 12:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туулган кунунуз менен агай
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.