Уитни Хьюстондун кызынын дем алуучу аппараты апасы өлгөн күнү өчүрүлгөн эмес. Ырчынын кызы дале комадан чыга элек

Дарыгерлер Уитни Хьюстондун кызы Бобби Кристина Браундун дем алуу аппаратын өчүрүшкөн эмес. Америкалык ырчынын кызы дале эсине келе элек. Бул тууралуу чет элдик басылмалар 3-мартта жазып чыгышты.
Автор: Динара Абдыкадырова
Бир айдан ашуун убакыттан бери комада жаткан 21 жаштагы Кристина Браундун мээси кандай абалда экенин билүү үчүн врачтар дарынын өлчөмүн азайтканда кызды калтырак баскан. Ушундан улам аны кайрадан жасалма дем алдыруучу аппаратка салышкан. Буга чейин ММКлар "кыздын дем алуу аппараты 11-февралда өчүрүлөт" деп жазып чыгышкан эле. Бирок кыздын атасы, музыкант Бобби Браун бул маалыматты төгүндөгөн.
Эске салсак, Кристина Браун 31-январда өзүнүн жуунуучу бөлмөсүнөн эс-учун жоготкон абалда табылган. Ал суу толтурулган ваннада көмкөрөсүнөн жатканда жарандык никедеги күйөөсү Ник Гордон досу менен көргөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.