Жылнаама, 5-март: Мындан 62 жыл мурун диктатор, коомдук-саясий ишмер Иосиф Сталин көз жумган
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Жалал-Абад шаарында кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү Болот Маматовду белгисиз адамдар атып кетишкен. Окуя саат 11:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы Могол көчөсүндө болгон. 1975-жылы туулган, кылмыш чөйрөсүндө Боке деген ат менен таанымал Маматовду кылмышкерлер өз үйүнүн жанынан атышкан. Макаров үлгүсүндөгү тапанчадан атылган 2 октон жаракат алган Маматов ооруканадан көз жумган.
* Мындан 62 жыл мурун, 1953-жылы Иосиф Сталин көз жумган. Советтик коомдук-саясий ишмер, КПСС БКнын башкы катчысы (1941-1953), Советтер Союзунун Баатыры, генералиссимус Иосиф Сталин (чын фамилиясы Жугашвили) Тбилиси губерниясынын Гори шаарында 1879-жылы 21-декабрда туулган.
* Мындан 26 жыл мурун, 1989-жылы «Disney Channel» телеканалында “Чип менен Дейл жардамга шашат” мультсериалынын бет ачары болуп өткөн.
* Мындан 79 жыл мурун, 1936-жылы Англия тарабынан чыгарылган Супермарин Спитфайр кыйраткыч учагы абага алгачкы жолу көтөрүлгөн. Ал II дүйнөлүк согуш убагындагы эң мыкты кыйраткыч учак болгон.
кошулду
Автор: Айпери Ганыжан кызы

Сталинди акыркы сапарга узатуу 1953-жылы 9-мартта өтүп, аны менен коштошуу үчүн өлкөнүн ар тарабынан адамдар барышкан. Эл ушунчалык көп болгондуктан, кысылыш келип чыгып, жүздөгөн адамдар тепсендиде калып өлүшкөн (болжолдуу түрдө 1422 адам). Сталиндин денеси бальзамдалып, Лениндин күмбөзүнө коюлган. Андыктан 1953-1961-жылдары күмбөз В.И.Лениндин жана И.В.Сталиндин күмбөзү деп аталган. 1961-жылы 30-октябрда “Сталин Лениндин осуятын олуттуу бузган. Ал үчүн жол башчынын жанында Сталиндин сөөгү үчүн орун жок” деген чечим чыгарылып, Сталиндин сөөгү Кремлдин дубалындагы мүрзөгө коюлган.


5-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
arxinur

05.03.2015. 00:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жиндин суротун эмнеге Боке деп койдунар
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.