Ырчы Анжеликанын кайрымдуулук кечеси ырчылардын коштоосунда өттү



































































Бишкекте 4-март күнү кыргыз эстрада ырчысы Анжелика рак илдети менен ооруган адамдарга жардам берүү максатында кайрымдуулук иш-чарасын уюштурду. Ага ЖКнын депутаты Төрөбай Зулпукаров, Ыргал Кадыралиева, Бөдөш Мамырова, өлкөдөгү Аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева, КРнын Эл артисти Жамал Сейдакматова, белгилүү телеалпаруучу Гүлшан Молдоева, КРнын Эмгек сиңирген артисттери Асел Турдалиева, Динара Акулова, ырчылар Чолпон Алсейитова, Арсен, Омар, Даниель, Мирбек Атабеков, Иса Өмүркулов, “Жебе”, “Style Mix” топтору, Урмат Усенов, Неля, Аскат Мусабеков, Залина Касымова, Асел Касымова, Юлия Руцкая, алып баруучу Нурзат Токтосунова, футболчу Азамат Байматов, “тамашоучулар” Кубат Кубанычбеков, Азамат Исмаилов, Санжар Мыкыев, клипмейкер Эрнист Сыдыков, бийчилер топтору жана башкалар катышты.
Кечеде алып баруучулук тизгинди Салтанат Саматова жана Эркин Рыскулбеков башкарышты. Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Анжеликанын кийимдеринин коллекциясы көрсөтүлүп, аны кыргыз ырчылары коштоп турушту.
Стилист Тилек Бекболотов көзүн таңып алып кыздардын чачын жасап көрүүчүлөрдү таңдандырды. Кечеде чогулган 300 миң сомдон ашуун каражат рак илдети менен күрөшүп келген адамдарга ооруну басаңдатчу дары-дармек алууга которулуп берилди. Ырчы Анжелика Аялдар конгрессинин медалы менен сыйланды.

Жакшы ушинтип жардам кылса да эми кайра пиар деп жатасынар. Адам баласына эч нерсе жакпайт.
Жаш туруп ушул денгээлге жеткен азамат айым! Акылдуу, тапкыч, аракетчил болсо ар бир адам ушундай ийгиликтерге жетет!
Бироонун ийгилигине коз артпай озунор аракет кылгылачы.
Же бул кыз эмне бироонун бай куйоосун тартып алдыбы.
Мышык майга жетпегендей