super.kg logo

Доор менен маданияттын демин ачкан башкыр экспозициясы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейине белекке берилди

 
4-мартта Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде Башкортостан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Маданият жана илим күндөрүнүн алкагында “Башкыр графикасынын чеберлери” аттуу көргөзмө өттү. Аталган министрликтен билдиришкендей, иш-чарага Башкортостан Республикасынын Маданият министри А.Шафикова, сүрөтчү А.Терегулов, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов катышып, иш-чараны салтанаттуу ачып беришти. Көргөзмөгө 24 сүрөтчүнүн заманбап графиканын багыттарын чагылдырган 54 эмгеги коюлду. 
Орусия Федерациясы жана Башкортостан Республикасынын атактуу сүрөтчүлөрү В.Лесин, В.Суздальцев, А.Терегулов, Ф.Ергалиев, Ф.Шагабутдинов, Т.Масалимов кыргыз журтчулугуна басма (офорт, линогравюра, автолитография) жана оригиналдуу (гуашь, акварель) графиканы сунушташты. 
Доор менен маданияттын бүгүнкү демин ачып берген башкыр экспозициясы Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейине расмий түрдө белекке берилди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.03.2015. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Доор менен маданияттын демин ачкан" деген сөз айкашы жагып калды, сонун табылга экен...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: